Түштүк Африка Республикасы: Путиндин камалаарынан кооптонууда

Автор

Түштүк Африка Республикасынын бийлиги территориясына келген чет өлкөлүк лидерди камакка алуулар өкүнүчтүү болот деп эсептейт. Bloomberg мындай маалыматты Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер министрлигинин эки кызматкерине таянуу менен жазды. Алардын айтымында, өкмөт Эл аралык кылмыш сотунун буйругу менен Россиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу ордерин аткаруу зарылдыгынан качуунун бардык жолдорун карап жатат.
17-мартта Эл аралык кылмыш сотунун коллегиясы Владимир Путинди камакка алууга ордер чыгарган. Түштүк Африка аталган мекеменин юрисдикциясын тааныйт, ошондуктан анын чечимдерин аткарууга милдеттүү.
2023-жылдын августунда Түштүк Африкада БРИКСтин саммити пландалып, ага Владимир Путин чакырылган.
23-мартта Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлиги Владимир Путинди БРИКСтин саммитине чакырганын бир аз кооптонууга негиз болгонуна карабастан тастыктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Берлин менен Париж унаалар жана атомдук энергия боюнча "чатакташты"

Германия менен Франциянын ортосунда ичтен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унааларга тыюу салуу боюнча пикир келишпестиктерден улам жаңжал чыкты. Берлин менен Париждин тиреши бейшемби жана жума күндөрү Брюсселде Евробиримдиктин экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча талкууларды үзгүлтүккө учуратат. Буга чейин немис бийлиги 2035-жылга чейин ичинен күйүүчү кыймылдаткычтары бар унааларды чыгарууга тыюу салуу жана минералдык […]

Сизге жагышы мүмкүн