Орус бейпилдик күчтөрүн Тоолуу Карабактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу боюнча чечимди Россия менен Азербайжандын жогорку жетекчилиги кабыл алды. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы, анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев билдирди. Кремль 17-апрелде аскерлер чыгарыла баштаганын жарыялады. «Процесс башталды, Азербайжан менен Россиянын коргоо министрликтери бул чечимди ишке ашыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатышат»,-деди Гаджиев.
Россиянын бейпилдик күчтөрү Азербайжан, Армения жана Россиянын 2020-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн үч тараптуу келишиминин негизинде жайгаштырылган. Келишимдерге ылайык, бейпилдик күчтөрү аймакта 2025-жылга чейин калышы керек болчу. Контингентте 1960 аскер кызматкери бар.