Түрк элдеринин кол өнөрчүлүгүнө арналган форум өтөт

Автор

Өзбекстандын Фергана облусунда «Түрк элдеринин кол өнөрчүлүгү» форуму 12-14-майда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында карападан жасалган буюмдардын көргөзмөсү жана керамика боюнча мастер-класстар уюштурулат. Форумдун коноктору өз өнөрлөрүн карапа жасоодо сынап көрүп, кесипкөй усталардын айрым буюмдарын сатып ала алышат.

Иш-чарага 15 өлкөнүн делегацияларынын, анын ичинде Кыргызстан, Азербайжан, Ооганстан, Израил, Индия, Казакстан, Пакистан, Польша, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Чехиянын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда үшүк жүрөт

Синоптиктер 3-6-май күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти. Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуу үшүк жүрүшү күтүлөт. Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° […]

Сизге жагышы мүмкүн