

Түркияда ири өлчөмдөгү турак-жай курулушу башталды. Жылына 11 облуста 46 миңден ашык үй куруу пландалууда.
Курчап турган чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курум кыйраткыч жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда курулуш иштери башталганын билдирди.
Биринчи этапта 17 миңден ашуун үй курулса, анын 7 миңден ашыгы Кахраманмарашта болот.