

Түркиядагы кечээки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгына таянып ЖМК жазышууда.
Айрым түрк ЖКМлардын маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 294 адамды түзөт.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреген.