Бүгүн, 21-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 55 млн 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”.
Неймар кайрадан жаракат алды
Шар Фев 22 , 2023
Неймар кайрадан жаракат алып, 3-4 жумадай оюнга чыкпайт. ПСЖнын чабуулчусу Неймар Лига 1дин 24-турунда Лилль командасына каршы оюн талаасына чыгып, катуу жаракат алган. Экспертиза бразилиялык футболчунун сыныгын аныктаган эмес. Бирок, Неймардын бутунун тарамыштары жабыркаган. Лилль менен болгон беттеште Неймар, экинчи таймдын башында алмаштырылган. Чабуулчуну футбол талаасынан замбил менен алып чыгып […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/02/08c965fa-e116-4643-bc59-aaddfcb5103c.jpg)