Неймар кайрадан жаракат алды

Автор

Неймар кайрадан жаракат алып, 3-4 жумадай оюнга чыкпайт. ПСЖнын чабуулчусу Неймар Лига 1дин 24-турунда Лилль командасына каршы оюн талаасына чыгып, катуу жаракат алган.
Экспертиза бразилиялык футболчунун сыныгын аныктаган эмес. Бирок, Неймардын бутунун тарамыштары жабыркаган.
Лилль менен болгон беттеште Неймар, экинчи таймдын башында алмаштырылган. Чабуулчуну футбол талаасынан замбил менен алып чыгып кетишкен. Экспертизанын жыйынтыгында футболчунун тамандын тарамыштары жарым-жартылай үзүлгөнү аныкталган. Калыбына келтирүү 3-4 жумага созулат. Ошентип, 8-мартка белгиленген «Бавария» менен болгон жооптук оюндагы бразилиялык ататкуу футболчу катышпай калды.
Неймар бул сезондо 20 беттешке чыгып, 13 гол киргизип, 11 ассист берген. Бразилиялык оюнчу өткөн жылы бутунан алган жаракатынан улам эки жолу оюнга чыкпай калган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчулар Минскте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына катышат

Кыргызстандык спортчулар Минскте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына катышат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Беларус элчиси Андрей Страчко менен жолугушууда белгилүү болду. Жолугушууда тараптар эки тараптуу маданий кызматташтыкты жандандыруу жана активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Андан ары 2023-жылдын август айында Минск шаарында өтө турган КМШ […]

Сизге жагышы мүмкүн