Түркан Шорай Кыргызстандан абдан толкунданып,таасирленгенин жазды

Автор

Атактуу түрк актрисасы Түркан Шорай Кыргызстанга келип, аябай толкунданганын жана таасирленгенин өздүк баракчасына жазды. “Чыңгыз Айтматовдун үй музейине бардым. Үй-бүлөсү менен тааныштым. Мурда келгенимде Чыңгыз Айтматов дал ушул үйүндө конок кылган эле. Азыр ошол күндү эстеп, толкунданып отурам. Улуу инсан отурган үстөлгө отуруп, анын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлаштым. Мен тартылган “Кызыл жоолук жалжалым”(selvi boylum al yazmalım)киносунун афишасын дубалга илип коюшуптур. Аны көрүп, андан бетер толкундандым”,- деп жазды атактуу актриса.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөөдө

КР Улуттук банкы доллардын расмий курсун 88,93 сом деп белгиледи. Ал эми  коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу  89,53 сомду түзүүдө. Мындан мурда октябрь айында доллардын курсу 90 сомго чейин жеткен. Анда Улуттук банк доллардын курсунун өсүүсүн сезондук факторго байланыштырган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн