«Түндүк электрдин» мурдагы жетекчиси кармалды

Автор

Бишкекте “Түндүк электр” ААКнын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

 

Маалым болгондой, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Северэлектро” ААКнун кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон.

 

Кылмыш иштин алкагында “Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат.

 

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоту куш футбол беттешин үзгүлтүккө учуратты

Португалияда «Эшторил» жана «Эстрела» командалары беттешкен  жаштар арасындагы футбол чемпионатынын жолугушуусу токтотулду. Буга аренадан кеткиси келбеген  тоту куштун оюнга кийлигишүүсү себеп болгон. Португалиянын Эшторил шаарында өткөн эки жаштар командасынын беттешинин футболчулары, калыстары жана көрүүчүлөрү оюнду үзгүлтүккө учураткан сулуу чоң тоту куштун күлкүлүү эпизодуна күбө болушту. Макава тоту кушу көп адамдардан […]

Сизге жагышы мүмкүн