«Томагавк» канаттуу ракеталары менен куралданган америкалык «Мичиган» атомдук суу астындагы кеме жума күнү Түштүк Кореянын Пусан портуна келгенин Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдирди.
“Йонхап” агенттигинин маалыматына караганда, кеме Түндүк Корея Чыгыш деңизди көздөй эки баллистикалык ракета учургандан кийинки күнү келген. Агенттиктин маалыматына караганда, учуруулар АКШ менен Түштүк Кореянын бейшемби күнү аяктаган жандуу ок атуучу аскердик машыгууларына каршы нааразылык демонстрациясы болду.
Быйыл Ош облусуна 485,7 млн сом которулду
Жум Июн 16 , 2023
Ушул жылдын 5 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Жалпы каражаттын ичинен: — Теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом; — Ыйгарым укуктарды берүүгө — 29,4 млн сом; — Электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына — 12,3 млн сом; — Башкы […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/424291594015666_big.jpg)