Түндүк Кореянын ракетасынан улам Япония эвакуация жарыялады

Автор

Япон өкмөтү түндүктөгү Хоккайдо аралынын тургундарын тезинен эвакуациялоого чакырды. Ракета деңизге түшкөндөн кийин эвакуация сигналы өчүрүлгөн. Япониянын премьер-министри Фумио Кишиданын айтымында, Түндүк Кореянын ракетасы өлкөнүн аймактык сууларынан тышкары жерге түшкөн.
Түштүк Кореянын биргелешкен штаб төрагалары Түндүк Кореянын бүгүн эртең менен учурган орто жана узак аралыкка учуучу баллистикалык ракетасынын деңизге кулаганга чейин 1000 километрдей учуп өткөнүн билдирди. Түштүк Кореянын аскерий расмий өкүлү Пхеньян катуу күйүүчү баллистикалык ракетанын жаңы түрүн сынаган болушу мүмкүн деп билдирди. Япониянын тышкы иштер министри Йосимаса Хаяши да Түндүк Кореянын бир нече жолу ракета учуруусу “Япониянын коопсуздугуна олуттуу жана жакын арада коркунуч жаратат” деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанга 281 унаа мыйзамсыз ташылып келген

Кыргызстанга унаалар мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 281 унааны мыйзамсыз ташып келүү жана аларды андан ары легалдаштыруу фактылары аныкталды. “Унааларды алгачкы каттоону жана каттоого коюуну жүргүзүү үчүн Кыргызстандын каттоо органдарына АМТК үчүн жасалма документтер (автотранспорт каражатын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, жөнөтүүчү өлкөдөн АМТКны […]

Сизге жагышы мүмкүн