Түгөлбай Казаков: Кайран кыргыз, бүркүт эле бир кезде…

Автор

Каалаганда көккө шаӊшып чыга алган,

Карт дүйнөнү карап жүргөн мунардан.

Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде

Катылгандын калайманын чыгарган!

 

Көктөн түшпөс көкүрөгү буюгуп,

Көк деӊизден чет деӊизге уюлгуп.

Бороон болуп турган кайран кыргызым,

Бу дүйнөгө батып-батпай удургуп.

 

Сынган бутту канжыгага байланып,

Сыр билгизбей сыр найзаны карманып.

Атасынан калган кара жер үчүн,

Ааламды да кетээр эле айланып.

 

Ал жашоого неге келгенин билчү эле,

Ата Журтун жандан артык сүйчү эле!

Көр дүйнөнү садага чаап көӊүлгө,

Көкүрөгүн көкөлөтүп жүрчү эле!

 

Келди заман кеӊ дүйнөнү тарыткан,

Келгин куштар баарын басып алышкан.

Башталды анан жем талашкан тирилик,

Башсыз жыргап, ашсыз калып даанышман…

 

Көк бүркүтү тоокканага камалып,

Көздөн учуп бийик тоонун шамалы.

Көз мокогон, канаттары уктаган,

Көрбөй калды тоолорду да талааны.

 

Ал унуткан көк мелжиген мекенин

Ал унуткан каалаганга жетээрин,

Ал унуткан Теӊир берген бийигин,

Ал унуткан улуу доорун кечээги!

 

Нечен кылым тоокканада кысылып,

Бүркүтүӊдүн тукуму да бузулуп.

Көктү койчу, көчөнүн чет жагына

Көргөн жан жок ал байкушту учуруп.

 

Тоокканада тоок болуп калыш бат,

Тоок бүркүттүн эртеӊкиси табышмак…

Улуулугу качып барат канынан,

Унутулган уламыштай алыстап.

 

Көккө тарткан көөнө үмүтү үзүлбөй,

Көр дүйнөнү көкүрөгү түшүнбөй.

Көтөрүлдү ал бир күнү асманга,

Көз ирмемде көрө калган түшүндө.

 

Ушул түшүн өӊгө айлантчы, Жараткан!

Келсин мезгил кеӊ кыргызга таӊы аткан!

Бир бүркүттү көрүп өлсөм арман жок,

Бийигине кайтып кетип бараткан…

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы кан тобу узак жашайт?

Узак мөөнөттүү изилдөөлөр эң күчтүү деп эсептелген I(0) тобу экенин далилдеди. Анын өкүлдөрү жүрөк-кан тамыр оорулары, эс тутум оорулары, ал тургай ашказан жана уйку безинин рактын айрым түрлөрүнөн азыраак жабыркайт. Дал ушул ийкемдүүлүк кандын 1-тобу бар адамдарга узак жашоого мүмкүндүк берет. Чындыгында, I тайпада кандын уюшун пайда кылган молекулалар азыраак. […]

Сизге жагышы мүмкүн