Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат берилди

Автор

Мичиган соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Капитолийди басып алуудагы ролуна карабай келерки жылдагы президенттик шайлоого катышууга уруксат берди.
Сот саясатчынын 2021-жылы болгон Капитолийди басып алуудагы ролу анын АКШ президенти болуп кайра шайлануу укугун чектейт деген жүйөлөрдү четке какты.  Мындай угуулар мурда Колорадо жана Миннесота штаттарында башталган.  Трамп өзү бул сот иштерин шайлоого кийлигишүү деп атаган.
2021-жылдын 6-январында АКШнын ошол кездеги президенти  Дональд Трамптын тарапкерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Алар Вашингтондогу Капитолийге кирип, демократ Жо Байдендин шайлоодогу жеңишин ырасташы керек болгон жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Тополоңдо беш адам, укук коргоо органынын кызматкери курман болгон.  Капитолийге кирген 300дөн ашуун кишиге айып тагылган.  Трампка бул боюнча сот 2024-жылдын 4-мартына белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыйзамсыз чечим чыгарган соттор жоопко тартылабы?

Камчы Көлбаевдин насаатчысы делген Азим Рой ИИМдин медалы менен сыйланган. Генерал Өмүрбек Суваналиев мындай көрүнүштү сындаса, кадыр – баркын 150 млн сомго баалап, сотко кайрылган. Белгилүү болгондой, соттор Азим Ройдун талабын канааттандырып бергени белгилүү болду. Бирок, УКМК кечээ, ага издөө жарыялады. Эми генерал боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган соттор жоопко тартылышабы? […]

Сизге жагышы мүмкүн