reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9939 % % 0.02
EURO 31,1826 % % -0.13
GRAM ALTIN 1.855,75 % % -0,58
ÇEYREK A. 3.034,15 % % -0,58
BITCOIN 1.225.758 % -4.103
Соңку кабар
reklam
Google News

Тимофей Цзю WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды

Son Güncelleme :

13 марта 2023 - 9:09

reklam
Тимофей Цзю WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды
reklam

Сиднейде австралиялык мушкер Тимофей Цзю менен америкалык Тони Харрисондун беттеши өттү. Тимофей тогузунчу раундда нокаут менен жеңишке жетти.
Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Константин Цзюнун уулу Тимофей титулдуу атаандашын нокаут менен жеңди. Бул жеңишинин аркасында Тимофей Цзю Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча жеңил орто салмакта убактылуу дүйнөнүн чемпиону болду.
Тимофей Цзю абдан тажрыйбалуу атаандашына каршы чыкты. 32 жаштагы Тони Харрисон Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) мурдагы чемпиону жана азыркы WBC Silver чемпиону. Бирок 28 жаштагы Цзю карьерасындагы 22-жеңишине (16 жолу нокаут менен) ээ болуп, жеңилбес бойдон калууда.

reklam