Тергөө комитети Кремлге кол салуу боюнча иш козгоду

Автор

Россиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Кремлге учкучсуз учактардын чабуулуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин тапшырмасы боюнча
Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (террордук акт) боюнча “Киев режиминин Россия Федерациясынын Президентинин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруу аракетине байланыштуу” кылмыш иши козголду.
Тергөө комитетинин отчетунда эки учкучсуз учак Кремлди көздөй багытталганы, аскерий жана атайын кызматтар радар тутумдарын колдонуу менен өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында аппараттар иштен чыкканы айтылат.
3-майда түштөн кийин Кремлдин басма сөз кызматы украиналык эки учкучсуз учак түндө президенттин Кремлдеги резиденциясына кол салууга аракет кылганын билдирди. Ал учурда Владимир Путин жок болчу.
Аталган кызмат окуяны теракт жана «Россия Федерациясынын президентинин өмүрүнө кол салуу» катары баалашарын билдирди.
Украина чабуулга эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-майдан тарта Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчылардын короосунда 867 уй, 1400 кой бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту […]

Сизге жагышы мүмкүн