Таттуу жегенде тишти жууганга шашпоо керек

Автор

Таттуу тишке зыян экени эч кимге жашыруун эмес. Шоколад, печенье, торт жана башка таттууларды канчалык көп жесе ошончолук тобокелдиктер көбөйөт. Ага кадимки щетка аздык кылат. Тиш щеткасы заманбап жана кымбат болгонуна карабай тиштин арасына тыгылып калган тамак-аштарды толугу менен кетире албайт. Бул үчүн ирригаторду жана тиш жибин колдонуу керек. Дарыгерлер белгилегендей көптөр ката кетиришет. Алар десерттен кийин дароо тиштерин тазалоо үчүн чуркашат. Стоматологдун айтымында 20-30 мүнөт күтө туруу керек.
Кычкыл же канты бар тамактан кийин тишти жууганда эмалына зыян келет. Шилекей заттардын зыяндуу таасирин нейтралдаштырууга үлгүрбөйт.
Дарыгер тамактын ортосунда таза суу ичүүнү, сагыз чайноону сунуштайт. Бул шилекейдин пайда болушуна жардам берет.
Дагы бир маанилүү эскертүү: дайыма таза тиш менен уктоо керек. Түн ичинде тамак-аш бөлүктөрүндө калган микробдор бир нече эсе көбөйө баштайт. Анткени шилекей күндүзгүдөй көлөмдө өндүрүлбөгөндүктөн жууп сала турган эч нерсе жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Зиядин Жамалдинов баштаган Ош облусунун бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду - тизме

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.   Буга байланыштуу бир катар […]

Сизге жагышы мүмкүн