Тарыхта биринчи жолу “Челси” клубу  күйөрмандары жана спортчулары үчүн ооз ачуу өткөрдү

Автор

Англиялык футболдук клуб тарыхта биринчи жолу “Стэмфорд Бридж” стадионунда ооз ачуу өткөрдү.  Орозо кармаган мусулмандардын башын бириктирүү максатында футбол клубу тарабынан уюштурулганын «Челсинин» басма сөз кызматы билдирди.

Футболчулар бул иш-чараны мусулмандардын бирикмеси «Рамазан чатыры» долбоору менен бирге өткөрүштү.

“Биз жашоонун бардык катмарларынан көптөгөн колдоочулары бар чоң коомчулукпуз жана биз ар бир күйөрманды сыйлап, урматтап, кубанычын бөлүшкүбүз келет. Бул сүйүүгө, кошулууга, коомчулукка жана “Челсинин” күйөрманы болгусу келгендердин баарына “ооба” деп айтуу. Ачык ифтар уюштурган биринчи Премьер-Лига клубу болуу абдан маанилүү жана биз муну менен сыймыктанабыз» ,- билдиришкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 3.5 гектар жерди эч кимге билдирбей ээлеп алышкан

Мындан 10 жыл мурда Ош шаардык мэриясынын балансында турган 3.5 гектар жер тилкеси жеке менчик колдорго өтүп кеткенин, бул жер тилкелери Оштун чок ортосунда жайгашып, кымбат тураарын, учурда аталган жерде көп кабаттуу курулуштар жүрүп жатканын Ош шаардык Кеңештин депутаты Болот Баетов билдирди. Ал ошол жер боюнча маалымат сураганда, Ош мэриясынын, […]

Сизге жагышы мүмкүн