Белгилүү журналист Жылдыз Муслимованын автордук көрсөтүүсүнүн бул жумадагы коногу милициянын полковниги Өмүрбек Эгембердиев болду. Маектин өзөгүн ИИМдеги абал, реформалар, кылмыштар жана убактылуу өкмөт менен Роза Отунбаеванын бийлигинин күңгөй-тескейи түзгөн. Отставкадагы полковник мындан 20 жыл мурдагы 21 Кытай ишкеринин өлтүрүлүп, өрттөлүшү жана каракталып кеткен эсеби билинбеген акчанын чоо – жайына токтолгон. Көрсөтүүнү жарым күндүн ичинде эле 4 миңге жакын адам көрүп, ар түрдүү пикирлерин калтырышкан.
“Кыргызстан – Иран” беттешинде Ахрол Рискуллаев калыстык кылат
Жум Июн 16 , 2023
Өзбекстандык калыс Ахрол Рыскуллаев бүгүн, 16-июнда “CAFA Nations Cup” эл аралык турнирдин алкагында өтө турган “Кыргызстан – Иран” беттешинде калыстар бригадасын жетектейт. Оюнда Санжар Шаюсупов жана Хусрав Сыдыкгез башкы калыска жардам беришсе, Гулмуроди Садулло резердик арбитрдин милдетин аткарат. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/4e853670-2dcb-47a4-9ddb-dc3628d81bfb.jpg)