reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Судандагы мамлекеттик медициналык мекемелердин иши токтоду

Son Güncelleme :

02 мая 2023 - 14:51

reklam
Судандагы мамлекеттик медициналык мекемелердин иши токтоду
reklam

Судандын борборундагы бардык мамлекеттик медициналык мекемелер өз ишин токтотту.
Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү улантып жаткан медициналык мекемелерде кычкылтек жабдыктары жетишсиз.
«Саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан нерсе адамзатка каршы кылмыш»,-деген дарыгерлер гуманитардык кризистин жалгыз чечими согуштук аракеттерди токтотуу экенин баса белгилешти.
Судандагы кырдаал Эгемендик Кеңешти да жетектеген армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхан менен бул органда анын орун басары болгон ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн башчысы Мохаммед Хамдан Дагалонун ортосундагы пикир келишпестиктерден улам курчуду.
Эки аскерий структуранын ортосундагы карама-каршылыктар Судандын бирдиктүү куралдуу күчтөрүн түзүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары, ошондой эле армиянын башкы командачысы ким болушу керек деген маселеге байланыштуу.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери жүздөгөн адамдар набыт болду.

reklam