Спорт департаментинин жаңы директору дайындалды

Автор

Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Аны эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, Кыргызстандын атын чыгара турган тармактардын бири – спорт экенин белгилеп, спортчулар менен тыгыз, натыйжалуу иштеп, Кыргызстандын желегин көптөгөн чет өлкөлөргө желбиретесиз деген ишеничин билдирди.

 

Эскерте кетсек, буга чейин аталган департаментти Канат Шабданбаев жетектеп келген, ал жетекчилик кызматка 2022-жылдын 19-октябрында дайындалган. Ал кезде департамент Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги болгон.

 

Айбек Абдымомунов 1983-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 2004-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия адистиги аяктаган. Бокс менен 6-классынан тарта машыгып, эң жакшы натыйжаларга жетишкен.

Бокс боюнча улуттук категориядагы калыс, Кыргызстандын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Бөлүшүү:
Next Post

Сербиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Сербия Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич бүгүн, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.   «Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды.   Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо […]

Сизге жагышы мүмкүн