Сот департаментинин мурдагы директору кайсы кызматка барат?

Автор

Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев кечээ,14-ноябрда кызматтан алынды. Өздүк булактарыбызга билдиришкендей, ага Башкы прокуратурадан кызмат сунушталышы мүмкүн. Медербек Сатыев өлкө жетекчилерине жакындыгы менен билинет. 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары Медербек  Сатыев менен Курманкул Зулушев ошол кездеги “Ата-Журт” партиясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду “бийликти күч менен басып алууга аракет жасады” деген күнөөнү четке кагышып, депутаттарды актаган чечим чыгарышкан. Бирок, Жогорку Сот кайра аларды күнөлүү деп таап, аталган судьяларды Соттор Кеңеши аркылуу кызматтан бошоткон.

Медербек Сатыев октябрь төңкөрүшүнөн кийин өкмөттүк аппараттын 1-орун басары, Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары жана президенттик администрациянын сот укук бөлүгүн жетектеген. Ал 1974-жылы Алай районунда туулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Коомчулук Ошко эки саясатчыны болжоду

Жогорку Кеңештин кээ бир комитеттеринин төрагалары жана төрага орун басарлары өзгөрүшү мүмкүн экендиги айтылууда. Мындай реформанын негизинде айрым депутаттар мүчө болгон комитеттерин да өзгөртүшү күтүлүүдө. Ошондой эле айрым маалымат булактары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Улан Пиримов же, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн