Соттор үчүн коротулган каражат элдин эсин оодарды

Автор

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттинин жыйынында  соттор менен прокурорлор боюнча нааразычылык айтылып, мамлекеттен төлөнүп берилген чыгымдар айтылды.

Жыйында  Конституциялык мыйзам менен пенсиядан сырткары судьянын статусу менен төмөндөгү кепилдиктер каралган:

 

  1. Соттор мамлекеттин эсебинен эмгек акы менен камсыз болушат.

 

  1. Судьяга кызматтык турак жай берилет же, ижарага алынган турак жайдын чыгымын төлөп берет.

 

  1. Соттор мамлекеттин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүшөт. Мындайча айтканда, ооруган мезгилде дары-дармекке кеткен чыгымын мамлекет төлөп берет.

 

  1. Соттор ооруп калышса, анын эмгек акысы сакталат.

 

  1. Эгер кызматтык абалы учурунда жаракат алса, эмгек акы жана пенсиянын ортосундагы айырманы ай сайын мамлекет кенемте (компенсация) катары төлөп берет.

 

  1. Эгер 15 жылдан ашык сот болуп иштесе, кызмат учурунда каза болсо, анын үй бүлөсүнө ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат ордунда орточо айлык акысынын өлчөмүндө бир жолу жөлөк пул берилет.

 

Жыйында депутаттар  судьяларга берилүүчү мамлекеттик кошумча акыларды алып коюуну сунушташты. Депутат Жеңишбек Токторбаев билдиргендей, ансыз да алардын кирешелери ашып ташып кеткен. Бир жылда сотторго жана судьяларга берилген кошумча каражат 257 млн сомду түзөт. “Мен кедей кембагал сотту көргөн жокмун. Өмүр бою сот болуп иштеп, казы карта, чучук жеп, жылуу кабинетте отуруп, жумшак машинеде жүрсө, эмне үчүн кайра биз аларды багышыбыз керек? Чор таман дыйкан 5-6 миң акча менен күн көрөт, судьялар 100 миң сомдон пенсия алып, кайра пара алат. Камалгандардын жылын азайтып берүү үчүн ар бир жыл үчүн 2000 доллардан пара алышат экен”,- деди депутат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Бельгиянын элчисин чакырды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Бельгиянын Москвадагы элчиси Марк Мичилсенди чакыртты. Дипломатка 22-майда Белгород областында аракеттенген диверсиялык топтордун Бельгияда жасалган куралдарды колдонгондугуна байланыштуу «катуу нааразылык» билдирилген. Буга чейин Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроо чалгын кызматтарына жана аскерлерге Украинага берилген бельгиялык куралдардын Россия Федерациясынын аймагында колдонулушу боюнча кырдаалды изилдөө боюнча тапшырма бергенин […]

Сизге жагышы мүмкүн