Сириядан 56 россиялык бала кайтарылды

Автор

12-мартта 3 жаштан 17 жашка чейинки 56 россиялык бала Сириядан Москвага кайтарылды.

Депортацияланган балдардын 49у качкындар лагеринде, 7си Дамасктын балдар үйүндө болгон.

Балдарды психологдор жана балдар комиссарлыгынын кызматкерлери коштоп, дарыгерлер текшеришти. Эми бир нече жумага социалдык реабилитациялык борборго жайгаштырылат.

Куралдуу кагылыш болгон аймактардан россиялык балдарды кайтаруу иштери 2018-жылы башталган. 2018-жылдын декабрынан бери Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Россияга 423 бала кайтарылган. Алардын 292си Сириядан, 122си Ирактан, сегизи Пакистандан жана бирөө Түркиядан алынып, баары жакындарынын көзөмөлүнө алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Кензабуро Оэ  көз жумду

Жапон жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Кензабуро Оэ 89 жашында каза болду. Бул тууралуу The Japan Times гезити жазууда. Маалыматка ылайык, өлүмүнүн себеби айтыла элек, бирок жазуучунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Кензабуро Оэ 1935-жылы 31-январда Японияда туулган. Студент кезинен эле көркөм адабият жаза баштаган жана 23 жашында […]

Сизге жагышы мүмкүн