reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Сергей Шойгу “Вагнер” козголоңуна  тууралуу биринчи жолу  үн катты

Son Güncelleme :

04 июля 2023 - 9:59

reklam
Сергей Шойгу “Вагнер” козголоңуна  тууралуу биринчи жолу  үн катты
reklam

“ПМК Вагнер”  жана анын башчысы Евгений Пригожиндин 23-25-июндагы баш аламандык аракети “Украинадагы атайын операциянын жүрүшүнө таасирин тийгизген жок”, — деп билдирди коргоо министри Сергей Шойгу тематикалык селектордук жыйында.

«Бул пландар биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы антына жана аскердик милдетине берилгендигин көрсөткөндүктөн ишке ашпай калды. Провокация аскерлердин топторунун аракеттерине таасирин тийгизген жок», — деди ал.

Эске салсак, “Вагнер” козголоң уланып жатканда, Сергей Шойгу коомдук мейкиндикке чыккан жок жана болуп жаткан окуяларга комментарий берген эмес. Козголоң аяктагандан бир күн өткөндөн кийин, 26-июнда Шойгу Путин менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусуна чыгып, бирок  эч кандай  билдирүү жасаган эмес.

reklam