Севастополго чабуул жасалганы айтылды

Автор

Севастополго учкучсуз түзүмдөр менен чабуул жасалганын, Кара деңиз флоту сырткы соккуну кайтарганын губернатор Михаил Развожаев билдирди.
Маалыматтарга караганда бир учкучсуз түзүм суу астындагы кайыктарга каршы диверсиялык отряддын күчтөрү тарабынан жок кылынса, экинчиси өзү жарылган.
Шаарга кол салуу аракети саат 3:30да болгон. «Баары сырткы жол тилкесинде болгон, эч кандай объектилер жабыркаган эмес. Азыр шаар тынч. Бирок бардык күчтөр жана кызматтар даярдыкта»,-деп жазды Развожаев Telegram баракчасына.
Украин тарап деңиздеги учкучсуз түзүмдөрдүн чабуулу боюнча комментарий бере элек.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:   Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), […]

Сизге жагышы мүмкүн