reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Сарбанов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкын» жетектейт

Son Güncelleme :

19 апреля 2023 - 14:34

reklam
Сарбанов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкын» жетектейт
reklam

«Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКын Улан Сарбанов жетектейт. Мындай чечим Мамлекеттик банктын директорлор кеңеши тарабынан 19-апрелде кабыл алынган.

Банктын негизги максаты: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Банктын башкармалыгын буга чейин Евгения Судец жетектеген.

Эске салсак, Улан Сарбанов 2000-2006-жылдары Улуттук банктын төрагасы болгон. 2021-жылдын октябрынан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп жаткан.

reklam