Сапатка 30 жыл: Кыргызстандык окуучулар дүйнөлүк чекти кантип багындырды?

Автор

Мектептин жүзү эмнеден билинет?

Биз советтик системада мектептин кандай экендигин билүү үчүн андан канча бала окуу жайларына өткөндүгүн  санап, ошого жараша жыйынтык чыгарчуубуз. Он пайыз бүтүрүүчүсү ЖОЖдорго өтсө таң калып калчуубуз. Азыр университеттер көбөйгөн менен контракт дегени  киргизилген менен деле мектептердин билим деңгээлин  билиш үчүн алардын  бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы окуу жайларына өткөндүгүн санап чыгабыз. А кыргыз-түрк лицейлерин буга чейин 984 окуучу бүтүптүр, ошонун баары(кээ бири экиден-үчтөн университетке өтүп, бирин гана тандагандары бар) жогорку окуу жайларында окушат, болгондо да көпчүлүгү дүйнөлүк баркы бар АКШ, Канада, Франция, Малайзия, Орусия, Түркия, Германия, Болгария, Мисир, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын университеттеринде. Булардын көпчүлүгү Кыргызстан үчүн эң эле зарыл келечектүү адистиктерде билим алышууда жана негизинен англис тили топторунда окушат.

“Себат” олимпиаданнын көч башы

Сиз буга чейин карайсыз, окурманым, азыр эл арасында  окуучулардын  республикалык олимпиадасы кыргыз-түрк лицейлеринин эле олимпиадасы болуп атат дегендей  сөздөр айтылууда, а түгүл өлкөбүздүн окуучуларынын билим жарышына “Себат” лицейлерин өзүнчө , башка мектептерди өзүнчө катыштыруу керек деген пикирлер да айтыла калууда. Бул, сөз жок КТЛнын аттаандаштырынан алда канча бийиктикке чыгып алгандыгын таң калуу, алардын ийгилигине таазим кылып, бай ийүү. Атпешке чара жок. Мына цифраларды салыштырыңыз: 1997-1998-окуу жылында облустук олимпиадаларда КТЛнын 59 окуучусу биринчиликти ээлеп, өлкө боюнча 11и биринчи, 11и экинчи, 7өө үчүнчү орунду ээлешкен.Кийинки жылы 14ү биринчи, 11и экинчи, 9у үчүнчүлүктү багынтты. Быйыл1ге 21, 2ге 12, 3кө 13 окуучу арзыды, демек “себаттыктар” бүт биринчиликтин 40 пайызын “алып коюп” атпайбы

Кадыр-барк мектеп менен эле бүтпөйт

Өз ичине 11 лицейди, “Ала-тоо Ата түрк” университетин жана “Секом” компьютердик –тил борборун камтыган “Себат” фирмасынын ийгиликтери, кадыр –баркы билим  берүү менен гана чектелип калган жок, жеке өз балдарын  окутуу менен гана иши бүтпөйт. Бүт мектеп окуучулары үчүн экологиялык темадагы долбоорлорго жыл сайын конкурс уюштуруп келет.республикалык, облустук олимпиада, көргөзмө, спорт жарыштарына , ийримдердин иштерине демөөчүлүк кылат. Курман айтта балдар жана карылар үйлөрүнө, учук ооруканалары үчүн 346 миң “Мээрим” кайрымдуулук кору үчүн 185 миң сом чыгарып берди, аз камсыз болгондор, муктаждар булардан жардам алып турат. Быйыл жазда кызылкыялык КТЛчылар ноокаттык директорлорду чакырып семинар өтүп жатканына биз да күбө болгонбуз. Кыргызстандын маданият ишмерлерин, окуучуларын, жетекчилерин, журналисттерин Түркияга агып барып келүүдө.  Илимий – педагогикалык журналга демөөрчүлүк кылып ж.б. Мына ушуга окшогон эл аркасындагы иштер алардын баркын улам бийиктетүүдө.

“Себатка” каалоочулар кандай?

Албетте, бул лицейлерде окуганы келгендер жылдан жылга арбып барат. Арыз бергендер 1992-95 жылы 1538 болсо, бул цифра жыл өткөн сайын 4312, 6856, 8913, 12650, 14060,24000,34000 деген сандар менен таң каларлык өсүп турду.

Проблемасыз иш болбойт.

КТЛда окуу акысы кымбат, жылына 300-500 доллардан төгүү кыйын дегендер чыгууда. А бирок лицейдин бир балага кеткен чыгымы мындан канча эсе көп, азыр көп нерселер Түркиядан келсе, ал эми аяктан алып келүү жол киреси асмандын башында. Былтыр август ааламаты –зилзалада дал ошол “себаттыктарга” абдан жакын жардам берген демөөрчүлөрдүн аймагында болду , алардын акыбалы да кыйындашты. Алыс барып келип билим бере албаган айрым окуу жайлар деле кымбат акча сурайт, ага караганда бул жерде англис тилин, компьютерди үйрөнүп, дүйнөлүк стандартта билимге ээ болушат да, каалаган университеттин бюджеттик бөлүмүнө кире алат, абдан даамдуу жана аш болумдуу тамак менен камсыз болушат. Интернет менен байланышка чыга алышат, демек, бул төлөм мыкты билим издегендер үчүн көп эмес го деп ойлойбуз.

Кыргыз мамлекетинин, өкмөтүнүн, билим жана маданият министрлигинин Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын жана КТЛлар жайгашкан шаар-кыштактардын жетекчилеринин, ата-энелердин, түрк ишкерлеринин жана түрк –кыргыз мугалимдеринин тарбиячылардын камкордугу жана тынымсыз аракети менен иштеп, жаткан кыргыз-түрк лицейлери 21 кылымдын кадрларын жана 22 кылымдын көрөңгөлөрүн тарбиялоо менен Кыргызстандын алдында эң чоң милдет аткарып жаткандыгын белгилөөгө жаңы окуу жылынын алдында милдеттүүбүз жана бул биздин атуулдук парзыбыз деп эсептейбиз.

 

Абдыкерим Муратов, жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор

(Заман Кыргыстан гезити, 2-август 2000-жыл)

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандан Өзбекстанга темир жол курула баштады

Казакстандын Түркстан облусунда Өзбекстан менен чектешкен Дарбаза-Мактаарал жаңы темир жолунун курулушу башталды. Линиянын узундугу 152 чакырымды түзөт. Иштин расмий башталышын телекөпүрө аркылуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов берди. Долбоор эки этапка бөлүнөт. Биринчиси, Сырдарыя станциясына чыгуучу Эрдаут-Мактаарал же Өзбекстандын мамлекеттик чек ара линиясын курууну камтыйт. Экинчи этап Жетисай филиалын ишке киргизүүнү […]

Сизге жагышы мүмкүн