

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелерине 2023-2024-окуу жылына кабыл алуулар 90 пайызга аяктады. Белгилүү болгондой, 1700 орун үчүн 63.000 окуучу ат салышкан. 61.300 окуучу үчүн орундар жетишсиз калганы айтылды. Мындан улам ата-энелер «Сапаттын» жетекчилигинен кошумча жаңы мектептерди ачууну суранышкан.
«Сапат» билим берүү мекемелери 30 жыл мурда ачылган. «Сапаттан» билим алгандар учурда дүйнөнүн атагы чыккан «Google», «Apple» сыяктуу ири корпорацияларда эмгектенишет.