

«Эң либералдуу салык кодекси бизде», — деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. «Кошуна өлкөлөргө барып көрүшсүн, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Тажикстанда биздикиндей жеңил салык жок. Тоолуу аймактарда акча жүгүртүүсү 8 миллиондон ашпаган ишкерлерди да салыктан бошотобуз. Бирок, биз аларга айтып жатабыз, сатып жаткан товарыңар контрабанда же, уурдалбаганын тастыктап электрондук счет фактура алгыла деп. Болгону эле ошол», — деди Акылбек Жапаров.