Садыр Жапаров суу кодексин жаңылоо процесси башталгандыгын айтты

Автор

«Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биздин өлкөлөр бири-бири менен тандалган багыттарын текшеришип, дүйнө менен сүйлөшө ала турган ар кандай аймактык форматтар барган сайын суроо-талапка ээ болуп баратат. Ошондуктан, мындай интеллектуалдык, эксперттик Эл аралык Астана форуму сыяктуу аянтчалар, мен керек болсо стратегиялык аянтчалар дейт элем, бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу жана өзгөчө мааниге ээ. Мен жогорку аудиториянын алдында чыгып сүйлөгөнүмө жана ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин иш-чаранын темасы боюнча өз оюмду бөлүшүүгө, эксперттик коомчулукка өз идеяларыбызды жана ой-пикирлерди айтууга абдан кубанычтамын. Биздин көз алдыбызда жаңы дүйнө тартибин калыптандыруу процесси эгемендүү мамлекеттерге жана бүткүл дүйнөлүк коомчулукка коркунуч жана коопсуздук чакырыктарынын күчөшү менен коштолууда. Сиздердин көңүлүңүздөрдү Кыргызстан гана эмес, бүткүл дүйнө туш болгон айрым маселелерге бурсам», — деди Садыр Жапаров.

Президент биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону белгиледи. Дүйнө ааламдашуу доорунда жашап жатат. Мамлекеттер менен элдердин ортосундагы байланыштар мурда болуп көрбөгөндөй тыгыз болуп баратат. Санариптештирүү доору бизге укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат, мурдагы белгилүү илимпоздор жана ойчулдар мындайды кыялданган да эмес. Тилекке каршы, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин региондо мөңгүлөрдүн эриши, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшү түрүндө айкын көрүнүп, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жана тобокелчиликтерди жаратып жаткандыгы факт.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы «жашыл» экономикага өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу турмуштук зарылчылыктан улам келип чыккандыгын белгиледи.

Экинчиден, суу жана суу ресурстары жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берилээрине басым жасады.

 

«Биз мыйзамдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. 2023-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө: сууларды мамлекеттик эсепке алууну жана экологиялык абалды жакшыртуу; коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария; суу боюнча Бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо; сууну сарамжалдуу пайдаланууга стимул берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү; гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү боюнча милдеттенмелерди алат.

 

Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгы, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл регион алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттагандыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.

 

Кыргызстан бул тармакта кызматташууну региондун бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берген, адилеттүү, акылга сыярлык жана тең укуктуу негизде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жактайт», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкек шаарындагы К .Өмүралиев атындагы спорт комплексинде тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 11-17-июнь күндөрү өтүп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн