Садыр Жапаров, президент: “Эң жогорку баллды камсыз кылгандардын көпчүлүгү “Сапат” билим берүү мекемелеринин балдары”

Автор

Бүгүн, 10-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “алтын” сертификаттын ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.
Президент “Бул ЖРТ системасы өлкөбүзгө киргени биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы “Сапат” билим берүү мекемелеринен билим алган балдар экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келет. Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган СТЕМ багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда дагы дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам”, – деп айтты
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 58 бүтүрүүчү “алтын” сертификат алууда. ЖРТ боюнча эң жогорку балл 234 баллды түздү.
Мамлекет башчысы эң жогорку балл алган балдардын ийгилиги балдардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдеринин, ата-энелеринин да ийгилиги экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро -2024: Англия Голландияны жеңип, финалга чыкты

Англия курама командасы футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалында Голландия командасын 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, финалга чыкты. Дортмунддагы жолугушуу 2:1 эсеби менен аяктады. Жеңүүчүлөр пенальтиден гол киргизген Гарри Кейн (18) жана Олли Уоткинс (90+1) голдорун киргизишти. Голландиядан Хави Симонс (7) гол киргизди. Англия курамасы өз тарыхында экинчи жолу Европа чемпионатынын […]

Сизге жагышы мүмкүн