reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

Садыр Жапаров, президент: «Урмат деген урматсыз киши 1 млн өөнөп алыптыр»

Son Güncelleme :

31 мая 2023 - 9:41

reklam
Садыр Жапаров, президент: «Урмат деген урматсыз киши 1 млн өөнөп алыптыр»
reklam

Чолпон-Ата шаарында курулуп жаткан мейманкана ээсинен Жергиликтүү Кеңештин Урмат аттуу депутаты 1 млн сом өөнөп алган. Дагы бирөө бербесең жаштарды көтөрөм деп 10 миң доллар алыптыр. Президент бул боюнча Чолпон-Ата шаарындагы парктын ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Тамчы аба майданын жанына 840 миң сомго курулган аялдама боюнча «мен аны 40 миң сомго да курбайт элем. Мына, бүгүн камалып, эми эки эселеп куруп жатат»,- деп билдирди. Ошондой эле Талас шаарында 4 млн 800 миң сомго балдар аянтчасын курушкан. Алар да камалып, ашыгы менен төгүп жатышканын айтты президент.

«Мындан ары мыйзамдар жеңил болбойт. Катуу мыйзамдарды кабыл алалы деп жатабыз. Ошол мыйзамдар күчүнө кирип калса, мамлекеттен уурдагандар 5 эселеп ашыгы менен кусушат»,- деди.

reklam