Садыр Жапаров Азия чемпионатында ийгилик жараткан балбандарды куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган кыргыз балбандарын куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө.

Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет.

Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын”, – деп, президент бүгүн килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарга ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына өттү

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.   Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап биринчи орун үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы […]

Сизге жагышы мүмкүн