Садыр Жапаровду Беларуска кимдер коштоп кетти?

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда  Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасына жөнөп кетти.

Сессия Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

– Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев;

– коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтият диний үгүт-насаатчылар менен жолугушту

«Имам Сарахсий» мечитинде Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин жолунда  үгүт-насаат жүргүзгөндөр менен жолугушту. Жолугушуунун өзөгүн биримдик жана ынтымак түздү. Анда ислам дининин негизги принциптери жана баалуулуктары жөнүндө сөз жүрдү. «Куранда момун мусулмандар бир тууган экени айтылып келген. Баарыбыздын динибиз бир, кыбылабыз бир, Кураныбыз бир, жол башчы пайгамбарыбыз бир, жолубуз […]

Сизге жагышы мүмкүн