Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Автор

Президент Садыр Жапаровдун  Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров өлкө президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын элдери бири-бирине канчалык жакын экенин ачык көрсөткөн эки тараптуу мамилелердин динамикасын белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө СПЕКА программасы өткөн жылдары экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоону колдоого, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбордук Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун баса белгиледи.

Саммиттин ишине Программага мүчө өлкөлөрдүн президенттери: Азербайжан – Ильхам Алиев, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан – Садыр Жапаров, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Өзбекстан – Шавкат Мирзиеев, ошондой эле ардактуу коноктор катары Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Венгриянын премьер-министри – Виктор Орбан жана башка расмий адамдар катышты.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дыйкандарга 5,6 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда 2023-жылдын 20-октябрына карата агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу  Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү. Алар: – «Айыл Банк» ААКна – 11,1 млрд сом; – «РСК Банк» ААКна – 5,9 […]

Сизге жагышы мүмкүн