Руслан Акматбек: “Бул унутулушу керек болгон темага айланып баратат”

Автор

Белгилүү мугалим, агартуучу Орхан Инандынын түрк коопсуздук кызматтары тарабынан уурдалып, Анкарадагы Синжан түрмөсүнө киргизилгенине 3 жылдын жүзү болду.
Ал киши 31-май түнү саат 23:00дөр чамасында күч менен качырылган. Ушуга байланыштуу, “Азаттык” радиосу көрсөтүү даярдап, Орхан Инандынын жактоочусу менен жубайынан кыска маек уюштурган. Жубайы Райкан айым маалымдагандай, анын түрмөдөгү абалы учурда жакшы. Бирок, 90 жаштагы апасы дале аны Кыргызстанда деп билет.
Белгилүү коомдук ишмер Руслан Акматбек Орхан Инандынын кийинки тагдыры унутулушу керек болгон темага айланганын билдирди. “Ал киши жоголгондо коомчулук анын өмүрүнө кооптонушкан. Кийин дареги билингенде тирүү болгонуна сүйүнүшкөн. Бирок, бул тема унутулушу керек болгон темага айланып баратат. Бул киши аябай таанымал болчу. Анын көптөгөн окуучулары деле бар. Бирок, алар деле бул маселени көтөрүшпөйт. Анткени, кооптуу. Бийлик бул маселенин изилденишин, көтөрүлүшүн колдобойт”,-дейт.
Белгилүү болгондой, Орхон Инандыны Анкара соту 21 жылга эркинен ажыраткан. Жактоочулары Анкаранын Жогорку Сотуна кайрадан даттануу үчүн арыз бергени маалым болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Саламаттыкты сактоонун жөнөкөй 8 жолу

Эгер үч кылым мурда бирөөадамдардын ичинен эң эле ден соолугу чыңы” менмин десе, баары күлүшмөк. Анткени, ал мезгилде адамдардын 95 пайызы туура тамактанышаар эле. Илим менен технологиянын өнүккөн заманында адамдардын 95 пайызы туура эмес тамактануу аркылуу ден соолугунан ажырап жатышат. Мындан улам оорулардын ар кандай түрү көбөйдү. Ошого байланыштуу, дарыгерлер […]

Сизге жагышы мүмкүн