reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Россия Борбор Азиянын студенттерине квоталарды көбөйтөт

Son Güncelleme :

16 мая 2023 - 15:39

reklam
Россия  Борбор Азиянын  студенттерине квоталарды көбөйтөт
reklam

Россия 2023-2024-окуу жылында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн квоталардын санын көбөйтө турганын Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин «Валдай» эл аралык дискуссиялык клубунун Борбордук Азия боюнча үчүнчү конференциясында билдирди.
«2023-2024-окуу жылында биз Казакстандын жарандарын окутуу үчүн квотаны олуттуу көбөйтүп жатабыз — плюс 200 орун, Кыргызстан — дагы 200 орун, Өзбекстан — плюс 50 орун жана Тажикстан — плюс 152 орун»,-деди Галузин.
Анын айтымында, учурда Россия Федерациясында Борбор Азия мамлекеттеринен 185 миңге жакын студент билим алууда, анын ичинен 68 миңге жакын студент россиялык бюджеттин эсебинен билим алат.
Мындан тышкары Галузин жакынкы аралыкта Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Россиянын алдыңкы университеттеринин филиалдарын ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

reklam