Россияда президенттик шайлоого добуш берүүнүн экинчи күнү уланууда. Федералдык аралыктан добуш берүү платформасында үч жарым миллиондон ашык бюллетень чыгарылган. Катышууга беш миллион арыз түшкөн.
Борбор калаа өз платформасында добуш берет. Бул жерде эки жарым миллионго жакын адам өз тандоосун жасады.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө 350 миң байкоочу көз салууда, алардын 700ү чет өлкөдөн келген коноктор. Видеобайкоо системасы иштеп жатат. Алдын ала жыйынтыктар дүйшөмбү күнү жарыяланары күтүлүүдө.
БШК алдын ала жыйынтык жарыялады: Путин жеңди
Дүй Мар 18 , 2024
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 93,06 пайызын иштеп чыкты. Владимир Путин Россия Федерациясындагы президенттик шайлоодо чоң айырма менен жеңди. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыктарды жарыялады. Ага ылайык Путин – 87,26 пайыз, Харитонов – 4,29 пайыз, Даванков – 3,89 пайыз, Слуцкий – 3,16 пайыз добуш алды. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/03/2454904-1024x576.jpg)