Роналду жаңы рекорддор боюнча үн катты

Автор

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын Про-Лигасындагы жаңы жетишкендиги тууралуу пикирин билдирди.

Португалиялык футболчу бир сезондогу голдордун саны боюнча Сауд Арабия чемпионатынын рекордун жаңыртты. “Мен рекорддорду эмес, мени рекорддор кууп келатат”, – деп жазды Роналду социалдык тармактардын биринде.

27-майда Сауд Арабиянын Про-Лигасынын акыркы, 34-турунун беттеши болуп, анда “Аль-Наср” менен “Аль-Иттихад” беттешкен. Оюн Эр-Рияд шаарындагы Al Awwal Park стадионунда өттү. Беттеш 4:2 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Биринчи таймдын кошумча убактысында Роналду эсепти ачса, 69-мүнөттө командасынын эсебин эки эсеге арттырды. Роналду Сауд Арабияда учурдагы чемпионатында 35 гол киргизди – бул турнирдик рекорд. Мындан тышкары дагы 11 пас киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган Конституцияны жаңыртуу зарылдыгын айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жаңы конституция кабыл алуу зарыл экенин айтты. Азыркы Конституция саясатка болгон ишенимди кетирип, алдыга жылууга жол бербей турганын билдирген. Эрдоган «Күчтүү Түркия» симпозиумунда өлкөнүн азыркы конституциясы улуттун идеяларын, талаптарын жана көйгөйлөрүн эске албастан түзүлгөнүн кошумчалады. Түркиянын азыркы конституциясы 1982-жылы жалпы элдик добуш берүү менен кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн