reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Роналдиньонун уулу «Барселона» клубунда  дебют жасады

Son Güncelleme :

10 апреля 2023 - 9:07

reklam
Роналдиньонун уулу «Барселона» клубунда  дебют жасады
reklam

Бразилиялык мыкты футболчулардын бири Роналдиньонун уулу Жоао Мендеш жолдоштук беттеште  «Барселона» клубунун  жаштар курамасында дебют жасады.  Анын дебюту Жирона шаарында өтүп жаткан Эл аралык Жер Ортолук деңиз кубогунда ишке ашты.

Жоао Мендес буга чейин ПСЖ, Крузейро жана Фламенго академияларында болгон. Ал март айында “Blue Garnet” жаштар командасы менен келишим түзгөн.

43 жаштагы Роналдиньо 2003-2008-жылдары «Барселонада» ойногон. Клубдун курамында ал «Алтын топту» жеңип, ФИФАнын версиясы боюнча эки жолу дүйнөнүн мыкты оюнчусу болгон. Ошондой эле, бразилиялык Испания чемпионатынын алты жана Испаниянын Суперкубогун эки жолу, ошондой эле Чемпиондор Лигасын утуп алган.

reklam