Ракеталык чабуулдарды эскерткен спутник орбитадан чыгып, атмосферада күйдү

Автор

«Космос-2222» спутниги спутниги орбитадан чыгып, атмосферада күйүп кеткенин Түндүк Американын Аэрокосмостук коргонуу командачылыгы (NORAD) билдирди.
NORAD агенттигинин маалыматына караганда, спутник 3-майда орбитадан чыгып, атмосферага кирген. Учурда ал көзөмөл системасында чагылдырылбай калды.
«Космос-2222» спутниги менен «Молния-М» ракетасы 1992-жылдын 25-ноябрында Плесецк космодромунан учурулган. Аппарат АКШдан континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учурууну аныктоо үчүн Око системасынын бир бөлүгү болгон. Массасы 1,9 тоннаны түзүп, 1995-жылы иштен чыккан.

Бөлүшүү:
Next Post

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келди

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи жолу Кыргызстанга келди. Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды. Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда. Жолугушуулардын алкагында эл […]

Сизге жагышы мүмкүн