Раисиден кийин Ирандын президентинин милдетин ким аткарат?

Автор

Ибрагим Раисиден кийин Ирандын президентинин ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары, вице-президент Мохаммад Мохберге өтөөрү белгилүү болду. Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык президент каза болгондо, кызматтан бошотулганда, отставкага кеткенде, эки айдан ашык иштебей калганда же ооруп калганда биринчи вице-президент өзүнүн ыйгарым укуктарын жана милдеттерин жетекчиликтин макулдугу менен аткарат.
Межлистин төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президенттен турган кеңеш 50 күндүн ичинде президенттик шайлоону уюштурушу керек.
Мохаммад Мохбер вице-президенттик кызматты 2021-жылдан же Раиси мамлекет башчы болуп шайлангандан бери аркалап келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн