reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Путин Эрдогандын инаугурациясына барбайт

Son Güncelleme :

01 июня 2023 - 10:17

reklam
Путин Эрдогандын инаугурациясына барбайт
reklam

Түркиянын кайра шайланган президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурация аземине Россиянын атынан Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин катышат.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин түрк кесиптешинин инаугурациясына бара алабы деген суроого бул иш-чарага чет элдик лидерлер үчүн чакыруу болгонун укпаганын айтты.
Ал арада Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын Анкаранын инаугурацияга чет элдик лидерлерди чакыруу чечимин чыгарганын билдирди.
Түркиянын президентинин инаугурация аземи ишемби, 3-июнда болушу мүмкүн.

reklam