reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Путин чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салды

Son Güncelleme :

01 марта 2023 - 11:51

reklam
Путин чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салды
reklam

Россиянын президенти Владимир Путин расмий документтерде жана чиновниктердин сөзүндө чет элдик сөздөрдү колдонууга тыюу салды.

“Россия Федерациясынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык мамлекеттик орус тилин бийлик органдарынын өкүлдөрү жана кызмат адамдары колдонууга милдеттүү.  Мыйзам кызмат адамдарынын азыркы орус адабий тилинин нормаларын сакталышын көзөмөлдөйт.  Чет өлкөлүк сөздөрдүн орус тилинде аналогу жок болгон учурлар гана өзгөчө болушу мүмкүн.

«Орус тилин Россия Федерациясынын мамлекеттик тили катары колдонууда орус адабий тилинин ченемдерине туура келбеген сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга жол берилбейт»,-деп жазылган.

Документте орус тили  милдеттүү түрдө колдонулуучу иш чөйрөлөрү катары  билим берүү тармагы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер көрсөтүлгөн.

reklam