Путин: «Украинанын НАТОго мүчө болушу Орусия үчүн коркунуч жаратат»

Автор

Орусия  президенти Владимир Путин бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын кызыкчылыгына байланыштуу “дан келишиминин” бир дагы пункту аткарылбаганын айтты.

«Мен муну баса белгилегим келет, эч нерсе жасалган жок. Бул бир тараптуу оюн. Россия Федерациясынын кызыкчылыктары бар деген бир дагы пункт аткарылган жок», – деди Путин бейшембиде Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Россия Федерациясынын Президенти Украина менен НАТОнун ортосундагы өз ара аракеттенүү темасына токтолду.

Украинанын НАТОго мүчө болушу ыктымалдыгы Орусия үчүн коркунуч жаратат жана Украинанын коопсуздугун арттырбайт, деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин.

“Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө келсек, ал бир нече жолу талкууланган – бул Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат”, – деди Путин бейшембиде журналист Павел Зарубин менен болгон маегинде.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округунда кайра шайлоо өткөрүүгө 13 млн сом чыгымдалат

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208 миң 800 сом чыгымдалат. Бул тууралуу Боршайкомдун  жыйынында белгилүү болду. Анын ичинен Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары 8 млн 69 миң сомду жана бир мандатуу округдагы чыгым 5 млн 139 […]

Сизге жагышы мүмкүн