Путин: Россия дан келишиминен чыгууну ойлоп жатат

Автор

Президент Владимир Путин Батыш өлкөлөрү Россияны дан келишиминин алкагында талаптарын аткарбай, “дагы бир жолу алдаганын” жана Москва келишимден чыгууну карап жатканын айтты.
«Тилекке каршы, биз дагы бир жолу алданып калдык – биздин эгинди тышкы рынокко жеткирүүнү либералдаштыруу жагынан эч нерсе жасалган жок. Мен жүк ташууну, камсыздандырууну, төлөмдөрдү, биздин Россиянын айыл чарба банкын SWIFT системасына кошууну айтып жатам. Эч нерсе жасалган жок»,-деди Путин кабарчылары менен жолугушууда.
Россия бул келишимдерди достук өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бир нече жолу узарткандыгын эске салып, ал жакын арада алар менен сүйлөшүү үчүн келе турган африкалык өлкөлөрдүн лидерлеринин тобу менен жолугарын, эгин менен камсыз кылуу маселелери караларын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

CAFA Кыргызстанды 3:0 эсебинде жеңүүчү деп тапты

Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун алган окуя боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен. CAFA чечимине ылайык: Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен […]

Сизге жагышы мүмкүн