Путин россиялыктардын өлкөдөн чыгуусун кыскартууну тапшырды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин 2019-2025-жылдарга миграциялык саясат концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, орус бийлиги чет өлкөлөргө кеткен орусиялыктардын санын азайтуу боюнча кошумча чараларды көрүшү керек.
2022-жылы өзгөргөн социалдык-экономикалык шарттардын таасири астында Россия Федерациясынын калкынын чет өлкөлөргө миграциялык агымы көбөйгөн. Ушуга байланыштуу адамдык капиталды сактоо, Россия Федерациясынын калкынын чет өлкөгө агып кетүүсүн азайтуу үчүн жагымдуу каржылык, социалдык жана башка механизмдерди түзүү боюнча кошумча чаралар талап кылынат»,-деп айтылат пункттарынын биринде.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жарандар алдыдагы беш жылда өлкөнү башкара турган президентти жана парламенттин 600 депутатын тандайт. Жалпысынан республикада жана чет жактарда 191 миң 884 урна орнотулду. Добуш берүү аяктагандан кийин алгач президенттикке талапкерлерге берилген добуштар санала баштайт. 64 миллион түрк жараны добуш берүүгө укуктуу. […]

Сизге жагышы мүмкүн