Путин менен Ирандын президентинин сүйлөшүүлөрү аяктады

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин менен ирандык кесиптеши Ибрагим Раисинин сүйлөшүүлөрү аяктады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушуу беш саатка созулганын, басымдуу бөлүгү жабык өткөнүн билдирди.
Путин Россия Федерациясы менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетип, 20 пайызга өскөнүн айтты. Мындан тышкары жолугушууда Путин менен Раиси Палестина-Израиль жаңжалын талкуулашты.
Ибрагим Раиси Москвага 7-декабрда келди. 6-декабрда, күндүз Владимир Путин Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд жана БАЭ президенти Мухаммед бен Зайд Аль Нахайян менен жолугушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан кышында канча электр энергиясын керектейт?

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 12,1 млрд килоВатт/саат электр энергиясын колдонууну пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, керектелүүчү электр энергиясынын 90%ы гидроэлектр станциялардан иштелип чыгат. “2023-жылга 12,1 млрд килоВатт/саат керектөө пландалууда. Анын 11 млрд 900 млн килоВатт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрулүп чыкты, 1,9 млрд киловатт/саат Жылуулук электр […]

Сизге жагышы мүмкүн