Путин ишеним көрсөткөн элине ыраазычылык билдирди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин шайлоо штабында өткөн маалымат жыйынында ага ишеним көрсөткөн орус жарандарына ыраазычылык билдирди.
«Мага көрсөткөн ишенимиңиз үчүн Россиянын бардык жарандарына ыраазычылык билдирем жана өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди чечүүгө жана биз абсолюттук артыкчылыктуу деп эсептеген максаттарга жетүү үчүн колумдан келгендин баарын жасайм»,-деди Путин. Ошол эле учурда мамлекет башчысы атайын аскердик операциянын максаттарына жетишүү ал үчүн президент катары негизги иштеринин бири экенин баса белгиледи.
«Биринчи кезекте коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздү бекемдеп, куралдуу күчтөрүбүздү чыңдашыбыз керек. Бул абдан жакшы ыргак менен жана эң сонун сапатта болуп жатат»,-деди Путин.

Бөлүшүү:
Next Post

Тиш эмнеге сасыйт?

Эгер тиштериңиз сасып кетсе, анда ооздун гигиенасынын жетишсиздиги, тиштин чириши, сагыз оорусу же ооздун кургашы, айрым тамактарды колдонуу же медициналык көйгөйлөр сыяктуу башка факторлор себеп болушу мүмкүн. Тишти тазалоого, тиш жиптерин колдонууга, антисептикалык эритмелер менен оозду жууганга жана профессионалдык баалоо жана тазалоо үчүн тиш доктурга үзгүлтүксүз барууга өзгөчө көңүл буруу […]

Сизге жагышы мүмкүн