Эгерде Батыш өзөктүк компоненти бар куралды колдоно баштаса, Роcсия реакция кылууга аргасыз болот. Бул тууралуу орус-кытай сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус президенти Владимир Путин билдирди.
Эки өлкөнүн лидерлери кол койгон биргелешкен билдирүүдө тараптар эч кандай жеңүүчүсү боло албаган өзөктүк согушту тутандырууга жол берилбестигин айтышты. Алар бардык өзөктүк державаларды аймактарынан тышкары курал-жарактарды жайгаштырбоого чакырышты.
Британиянын коргоо министринин орун басары Аннабел Голди Украинага Челленджер 2 согуштук танктарын жөнөтүүдөн тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрүнө ок-дарыларды, уран камтыган курал-жарактарды өткөрөрүн билдирген.
Талас шаарына Манастын айкели орнотулду
Шар Мар 22 , 2023
Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Айкелдин ачылышы Нооруз майрамынын алкагында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты. Майрамдык салтанатта Улуттук “Манас” театрынын атайын концерттик программасы тартууланды. Аталган эстеликтин көчүрмөсү […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/manas-ajkeli-estelik.jpg)